ИИМ «Бүтүн Кыргызстан» үгүт иш-чарага «окуучуларды катыштырды» деген маалыматты текшерет

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Алай районундагы Гүлчө айылынын мектептеринин биринде «шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү» деген маалыматты ИИМ текшерет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү тобу кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда улуттук кийимчен жаш кыздар Гүлчөдөгү «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасмасы тараган. Анда бир нече жигит партиянын шарфын тагынып, анын байрагын көтөрүп турганы да байкалган.

БШКдан шайлоо мыйзамынын 28-беренсинде үгүт иштерин окуу жайлардын имараттарында өткөрүүгө тыюу салынганын белгишети. Ошондой эле үгүт иш-чараларына жашы жете электерди тартууга мыйзам жол бербейт дешти.

«Мындан улам орто мектептин жетекчилиги тарабынан ыктымал “административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” фактысын текшерүү кажет», — деп айтылат БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобунун билдирүүсүндө.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Замир Шамшидин уулу «Клоопко» шайлоочулар менен жолугушуу Гүлчөнүн Маданият үйүндө өткөрүлгөнүн билдирди. Бирок ал иш-чарага мектеп окуучулары катышып-катышпаганы тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныбаев бул окуя боюнча Алай районунун акими, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы жана күч органдарына тапшырма берилгенин билдирди. Жаныбаев эгерде мыйзам бузуу аныкталса «ар бир жетекчи жазасын алат» деп ишендирди.

Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин мугалимдери студенттерин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына алып келгени аныкталган. Ош ШИИБи «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө иш-чарага келген студенттердин бардыгы жашы жете элек болгону аныкталды. Ал эми Оштун милициясы бул ишти үч күндө тергеп бүтүп, аны сотко өткөрүп берди.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бүтүн Кыргызстан» тизмесин бекитти, партияны шайлоого Мадумаров баштап барат