Талапкер Мирлан Назарбековдун үстүнөн түшкөн арыз ИИМге жөнөтүлдү

Боршайкомго 4-ноябрда Талас облусундагы №20 Манас шайлоо округунан парламент депутаттыгына аттанган Мирлан Назарбеков «үгүт иштерине мектеп окуучуларын пайдаланып, мугалимдерге акча таратканы» тууралуу арыз түштү. Анда Назарбековдун үстүнөн Кара-Буура жана Манас районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Сатканкул Бапышов арызданган.

Бапышов өз арызында Назарбеков Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын стадионунда тургундар менен жолугушууда мектеп окуучуларына ат мингизип, «Мирлан Назарбеков» деген жазууларду көтөртүп, жолугушуу өткөргөнүн билдирген.

Ошондой эле, Бапышов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Самара Жарманбетова мугалимдер күнүндө мектепке Назарбековдун апасын чакырып, мектеп директоруна 5000 сом жана мугалимдерге 3000 сомдон таратып бергенин айткан.

Өлкөдө мугалимдердин майрамы октябрь айынын биринчи жумасында белгиленет. Ал эми шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталып, 26-ноябрда аяктайт.

Бапышов БШКдан мектеп окуучуларын үгүт иштерине аралаштыруу канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин текшерүүнү өтүнгөн. Ошондой эле, ал мамлекеттик кызматты аркалаган билиим берүү, саламаттыкты сактоо системасында иштеген кызматкерлер да үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынганын айтып, Мирлан Назарбековдун жана анын тарапташы Д. Жумабековдун жоопкерчилигин кароону өтүнгөн.

Шайлоо мыйзамы үгүт иштерине жашы жете электерди жана мамлекеттик кызматкерлерди катыштырууга жол бербейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул фактыны текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине кайрылды.

Мирлан Назарбеков деген ким?

44 жаштагы Мирлан Назарбеков — жеке ишкер. Ал пандемия учурунда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр жана Аманбаева айылдарынын ооруканасына тез жардам унаасын белек кылган. Мындан сырткары, ал элге гуманитардык жардам берип жүргөнү менен таанылган.

Назарбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Матраимовдорго караштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №36 катарда болгон. Ал Юстиция министрлигинин маалымат базасында курулуш долбоорун иштеп чыгуучу «Бакайыр-Кен» ЖЧКнын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Ал эми Назарбековдун апасы Умсун Назарбекова борбор калаадагы «Вефа центр» соода борборунун директору.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

БШК: Нарында «шагыл төгүп жатат» делген талапкер Бакасовдун аракетин ИИМ текшерет

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды