БШК: Нарында «шагыл төгүп жатат» делген талапкер Бакасовдун аракетин ИИМ текшерет

Улан Бакасов

Парламенттик шайлоого №33 Нарын шайлоо округунан аттанган талапкер Чыңгыз Капаров атаандашы Улан Бакасов «шайлоочулардын добушун сатып алып жатат» деп Боршайкомго даттанды. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобу маалымдады.

Капаров өз арызында Бакасов Эмгек Талаа, Хутор, Ак-Кудук, 8-март жана Шоро айылдарына шагыл төгүп бергенин айткан. БШК бул фактыны текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине кайрылды.

Ал эми Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев бул маалыматты «каралоо» деп атады. Ал Бакасов Нарын районунун айрым жолдорун оңдоп жатканын тастыктап, бирок учурда ал токтотулганын белгиледи. Ошондой эле Өмүрбаев Нарын — 8-март унаа жолун №8-жол тейлөө мекемеси жасап жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Улан Бакасов жана «добуштарды сатып алуу» чуусу

Улан Бакасов — жеке ишкер. Ал пандемия учурунда Нарын облустук ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун жана 9 реанимобиль өткөрүп берип, элге гумжардам таратып жүргөнү менен таанымал. Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде алтынчы орунда турган.

Анда Бакасов партия үчүн добуштарды сатып алып жатат делген бир нече маалымат тараган.

Алгач Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусуркановдун жергиликтүү тургундардан Бакасовду колдоого чакырган видеосу тараган. Мусурканов «Бакасов комбайн сатып алуу үчүн 500 миң сом накталай алып келет» деген. Ошондой эле, айыл өкмөт башчы Бакасов талапкер болгон «Биримдик» партиясына кеминде 300 добуш керек деп белгилеген.

Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаев бул маалымат «чындыкка дал келбейт» жана «каралоо» деп атаган. Нарын райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган, ал эми Бакасов Азамат Мусуркановду анын «ар-намысына жана кадыр баркына шек келтиргени үчүн» сотко берген. Анткен менен милиция бул ишти тергөөгө шашкан эмес.

Көп өтпөй Миң-Кут айыл өкмөтүнүн башчысы Денисак Болот уулу Бакасовдун тарапташтары «таза суу чыгарып берүү үчүн ага 300 миң сом беришкенин» билдирген.

«[2020-жылдын] 22-сентябрда Улан Бакасовдун балдары келип, 700 миң сомго таза суу чыгаруу үчүн макулдашып, анан 300 миң сом ташташты. 300 добуш чыгарсаңар, 700 миң сом силердики болуп калат, эгер чыкпаса анда чыкпай калган добуш үчүн 2000 сомдон кайра алабыз дешти. Айылга суу чыкканы жакшы болот эле, бирок Бакасов соопчулук үчүн деле суу чыгарып, добуш сатып албай эле койсо болмок. Ушул туурабы?» — деп суроо салган Болот уулу.

Улан Бакасов бул маалыматка реакция кылып, аны «жалган жалаа» деп атап укук коргоо органдарына кайрыла турганын билдирген. Милиция анда да териштирүүнү баштаган болчу, бирок ал аягына чыккан-чыкпаганы белгисиз.