БШКга «Ата-Журт Кыргызстан» «медиктерден паспорт чогултуп атат» деген арыз түштү

БШКга «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «медиктерден паспортундагы жеке маалыматты талап кылып жатканы» тууралуу арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу маалымдады.

Арыз ээсинин айтымында, анын жубайы дарыканада, ал эми атасы ооруканалардын биринде иштейт. Шайлоо өнөктүгү учурунда партиянын өкүлдөрү аларга жетекчилери басым жасап, 10 шайлоочунун паспортундагы жеке маалыматтарды чогултуп берүүнү талап кылышкан.

«Мындай жагдай эл арасында нааразычылыктарды жаратып, эркин добуш берүүгө каршы келген басым катары кабыл алынууда», — деп белгилеген арыз менен кайрылган жаран.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул фактыны текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине кайрылды.

Шайлоо мыйзамынын 28-беренсине ылайык, мамлекеттик мекемелерде үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, 21-берененин 1-пунктунда «административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбейт» деп жазылат.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Ташиев

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке каккан.

Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырды. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүрдү.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.