БШК мектептин аймагында үгүт жүргүзгөн президенттин кудасына 7,5 миң сом айып пул салды

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-ноябрдагы отурумунда №36 Ак-Суу шайлоо округунун талапкери Акылбек Түмөнбаевге жазуу түрүндө эскертүү берип, 7,5 миң сом айып пул салды. Буга Түмөнбаевдин Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы мектептин аймагында үгүт иш-чарасын өткөргөнү себеп болду.

Маалыматка ылайык, Түмөнбаев шайлоочулар менен жолугушууну 1-ноябрда өткөргөн. Талапкер өзү да БШКнын отурумуна катышып, ага мектептин аймагында үгүт жүргүзүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бергенин айткан.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мыйзамга таянып, билим берүү мекемелерден 100 метр аралыктан жакын жерлерде үгүт иш-чара жүргүзүүгө тыюу салынганын эскертти.

«Мыйзамдуу жагын сиздер, талапкерлер да карашыңыздар керек. Мурда мыйзамда “100 метр жакын жерде жолугушуу өткөргөнгө болбойт” деген норма жок болчу, азыр конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилген», — деди Бекматов.

БШК Түмөнбаев Бузуулар жөнүндө кодексиндеги «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренесин бузганын аныктады.

Түмөнбаев Боршайкомдун чечими менен макул эмес болгонун билдирди. Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ал бул чечимдин үстүнөн сотко кайрылууга укуктуу экенин белгиледи.

Акылбек Түмөнбаев деген ким?

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. Ал эми 2001-жылдан тарта Каржы полициясынын системасында иштеп, 2016-жылы Эсеп палатасынын аудотуру болгон.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Ошондой эле, Түмөнбаевдин бир тууганы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасыны жетектеп турган. Аны бул кызматка Садыр Жапаров дайындаган. Өлкө башчы кудаларын жогорку кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Турусбек Түмөнбаев үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуунун алдында кызматынан бошотулган.