Президенттин басма сөз катчысы Айгүл Жапарова шайлоого аралашууда деген маалыматты төгүндөдү

Буга чейин соцтүйүндөрдө өлкө башчысынын жубайы Айгүл Жапарова шайлоого аралашууда деген маалыматтар тараган. Бул тууралуу 7-ноябрда Лейла Назгүл Сейитбек аттуу фейсбук колдонуучусу дагы жазып чыккан.

Анын айтымында, «Эл Үмүтү» партиясы Айгүл Жапаровага тиешелүү болушу мүмкүн.

Лейла Назгүл Сейитбектин скриншоту

Президенттин басма сөз кызматы эмне дейт?

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клооптун» журналисттине маек куруп, президенттин жубайы Айгүл Жапарова кайсы бир партияны каржылоо менен алектенбей турганын айтты. Ал бул «жалган маалымат» деп билдирди.

«Мамлекет башчысынын анын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча туруктуу позициясы тууралуу биз бир нече жолу белгилегенбиз. Президент өзүнүн жакын туугандарынын эч кимисине кайсы бир саясий процесстерге аралашуусуна жана аларга таасир этүүсүнө жол бербей турганын дагы бир жолу белгилейм», — деди Эрбол Султанбаев.

«Эл Үмүтү» партиясы тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, партия 2021-жылдын август айында кайрадан каттоодон өткөн. Партиянын жетекчиси Алмаз уулу Аскар — партиянын тизмесинде №54 болуп баратат.

Ошондой эле, реестрдеги маалыматка таянсак, партияны 10 адам негиздеген, бирок алардын аты-жөнү белгисиз.

Алмаз уулу болсо Юстиция министрлигинде «Демилгелүү жаштар борбору» (ДЖБ) коомдук бирикмесминин жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Буга чейин ал шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоого катышкан.

Бирок анда БШКнын маалыматында Алмаз уулу «Биздин эл» партиясынын төрагасы катары көрсөтүлгөн болчу.

«Эл Үмүтү» жана парламенттик шайлоо

«Эл Үмүтү» партиясы бул жумада эле элдин көнүлүн өзүнө бурууга жетишти. Партиянын катарында парламентке аттанып жаткан талапкер Канышай Ырысбек кызы 1-ноябрда инстаграмдагы барагына 5000 сомдук тутам акчанын сүрөтүн жарыялап, «бейтааныш адамдар аны колдоп акча берип жибергенин» жазган.

«Мен бул каражатты которууну elumutu__kg [“Эл Үмүтү”] партиясынын жалпы эсебине салууну чечтим», — деп жазган Ырысбек кызы.

Конституциялык мыйзамдын «Шайлоо фонддору жөнүндөгү» беренесине ылайык, партиянын шайлоо фондуна атын атабай кайрымдуулук кылууга жол берилбейт.

Кийин Ырысбек кызы аталган каражатты алуудан баш тартканын, шайлоо фондуна өзүнүн акчасын салганын билдирген. Талапкер башка партиялаштары сыяктуу эле акча каражаты кайдан келгенин жашырбай турганын кошумчалаган. Аны айтымында, акчанын бир бөлүгү талапкерлердин чөнтөгүнөн, калганы партиянын үзөңгүлөштөрүнөн келип түшкөн.

«Мен партиянын уставын бузган жокмун, партиялаштарым мени колдойт. Биздин шайлоо фондубуз толугу менен ачык-айкын жана биз анын ар бир тыйыны үчүн отчёт беребиз», — деп кошумчалаган Ырысбек кызы.

БШКнын маалыматы боюнча партиянын шайлоо фондуна 15,6 млн сом келип түшкөн. Партия 4-ноябрга карата 11,6 млн сом короткон. Каражаттардын сарпталышы боюнча партия төртүнчү орунда турат.