«Эл үмүтү» партиясынын талапкери белгисиз кишиден 500 миң сом алып аны кайра бергенби?

«Эл үмүтү» партиясынан парламентке аттанып жаткан Канышай Ырысбек кызы 1-ноябрда Инстаграмдагы барагына 5000 сомдук тутам акчанын сүрөтүн жарыялап, «бейтааныш адамдар аны колдоп акча берип жибергенин» жазган.

Ошондой эле, Ырысбек кызы аталган каражатты «Эл үмүтү» партиясынын жалпы эсебине которорун белгилеген.

«Кечээ бейтааныш адамдар мени колдоп акча берип жиберишиптир. Бул акчаларды “Эл үмүтүнүн” жалпы эсебине которууну чечтим. Моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп жаткандардын бардыгына ыраазычылык билдирем. Биз эл үмүтүн актайбыз!» — деген ал.

Канышай Ырысбек кызынын Инстаграмдагы барагынын скриншоту.

Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыккан соң Ырысбек кызы кайрылуу жасап, каражатты аны «жакшы» тааныган байкеси бергенин, бирок каражатты алуу мыйзамга каршы келгендиктен кайра кайтарып бергенин билдирди.

«Өткөн жумада мен тааныган, бирок атын атагысы келбеген таанышым, бир байке 500 миң сом акчалай жардам көрсөткөн. Каражатты алуу мыйзамга каршы келгендиктен, 500 миңди кайра эле кайтарып бергем. Үй алайын деп чогултуп келе жаткан 420 миң сомду шайлоо фондуна тапшырдым. Биздин команда финансылык жактан кыйналып жатат. Айрым журналисттер каралоо, провокация кылууга аракет кылып жатышат. Биз эч кимди каралабайбыз, эч кимди жамандабайбыз. Ишибиз ак, так. Бардыгы мыйзамдуу жүрүп жатат», — деп билдирди ал.

Ал эми БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Канышай Ырысбек кызы 1-2-ноябрь кундөрү партиянын эсебине 840 миң сом которгон. Ал калган 420 миң сомду кайдан алганы тууралуу маалымат берген жок.

Канышай Ырысбек кызынын партиянын эсебине которгон акчасы. БШКнын сайтынын скриншоту.

Бирок бул шайлоо мыйзамын бузуу болуп эсептелет. Себеби, Конституциялык мыйзамдын «Шайлоо фонддору» беренесине ылайык, атын атабай кайрымдуулук кылууга жол берилбейт.

Материал чыгаардан мурда аталган окуя боюнча Боршайкомдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Канышай Ырысбек кызы деген ким?

Канышай Ырысбек кызы — журналист жана эко-активист. Ал НТС, 5-канал жана ЭлТР теле каналдарында алып баруучу болуп иштеген. 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынын жетекчиси болгон.

Ал «Тянь-Шанды сактап калабыз»* кыймылынын лидери. Бул кыймыл Centerra Gold Inc. Кумтөргө тышкы башкаруу киргизген кыргыз өкмөтүн арбитраждык сотко бергенден кийин түзүлгөн. Ырысбек кызы «Кумтөр» иши боюнча тынчтык митингин өткөрүп келет.

*Аталган кыймыл жөнүндө көп деле маалымат жок. Кыймылдын Инстаграм барагында биринчи публикация үстүбүздөгү жылдын 3-августунда жүктөлгөн. Андан бери баракчада кыргыз, англис жана орус тилдеринде экологияга маселесине байланыштуу маалыматтар жүктөлүп келет. Кыймыл расмий Юстиция министрлигинде 30-сентябрда каттоодон өткөн.

Ошондой эле, Канышай Ырысбек кызы 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштегени белгилүү.

Канышай Ырысбек кызы быйыл «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» менен төртүнчү катарда парламенттик шайлоого аттанды. Партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 2-сентябрда БШКнын катоосунан өткөн.

«Эл Үмүтү» партиясынын жыйынында.

Аталган партия 2020-жылы 19-ноябрда негизделген. Париянын лидери Аскар Алмаз уулу.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт кампаниясынын биринчи аптасында «Эл Үмүтү» партиясынын шайлоо фондуна 3-ноябрга карата 11 миллион 687 миңден ашык каражет келип түшүп, анын 10 миллион 827 миң сомун короткон. «Эл үмүтү» шайлоого эң көп акча сарптап жаткан партиялардын бири.