Маршрутка менен ташылган эл. «Ата-Журт Кыргызстандын» Кара-Суудагы иш-чарасы териштирилет

Фейсбукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Кара-Суу районунун борбордук стадионундагы үгүт жолугушууга «элди маршрутка менен ташып келди» деген тасма тарады. Милиция бул факт боюнча териштирүүнү баштады.

Эмне болду?

11-ноябрь күнү Фейсбук колдонуучу Эрлан Жунусов Кара-Суу шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сейил бактын алдынан тартылган видео жүктөгөн. Анда болжол менен ондон ашык маршрутка турганын, алардын биринен кишилер түшүп-чыгып жатканын көрүүгө болот.

Тасманын автору «Ата-Журт Кыргызстан» элди ар айылдан топтоп келгенин айтып, 15ке жакын маршрутканы санап, дагы 5-6сы кетти деп билдирген. Ал партияны «бийликчил» деп атап, аларга келгенде «мыйзам иштебей» калабы деп суроо салган.

«Кайсы бийлик келбесин өзүнүн көмөчүнө күл тартканын койбойт экен да. Бийликтин партиясы аталган “Ата-Журт Кыргызстан” бүгүнкү Кара-Сууда болгон жолугушууга адамдарды кичи автобустар менен ташып жүрөт. Ар жерден чогултуп келип жатышат. Башкаларга мыйзам иштейт, анан бийликтин партиясына келгенде иштебей калабы. Булар деле жыргатпай калды окшойт» — деп видеону коштоп жазган ал.

Ош ОИИБден аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталганын, Кара-Суу РИИБи «добуш сатып алуу» боюнча териштирүү баштаганын билдиришти. Ал эми БШКдан «Клоопко» окуя боюнча жумушчу топ териштирүү жүргүзөрүн айтышты.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок партиянын Фейсбуктагы баракчасынан 11-ноябрь күнү талапкерлер чынында эле Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушканын көрүүгө болот.

Үгүт жолугушууга партиянын негиздөөчүсү жана лидери Айбек Маткеримов, депутат Бакыт Төрөбаев, жаш саясатчы Бактияр Калпаев, «Россия Нефть» компаниясынын жетекчиси Алишер Козуев, экс-депутаттар Надира Нарматова жана Турсунбай Бакир уулу, ошондой эле, президенттин мурдагы кеңешчиси Равшан Сабиров катышкан.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Ташиев

Айбек Маткеримов жана Камчыбек Ташиев

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке каккан.

Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Анда «Мекенчилди» Камчыбек Ташиев баштап барган. Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырган. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүргөн.

Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылдары депутат болгон.