Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министрлиги кайрадан эки ведомствого бөлүндү

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 6-ноябрда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин эки ведомствого бөлүү тууралуу жарлыкка кол койду. Эми булар Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болот.

Министрликти эки башка ведомствого ажыратуу чечими октябрда парламент Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын бекиткенде эле кабыл алынган. Акылбек Жапаров сунуштаган түзүмгө ылайык, Кыргызстанда 15 министрлик болуп калды. Бирок кийин тизмеге Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин Кудайберген Базарбаев жетектемей болду. Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев.

Алар эмне себептен бириктирилген?

Саламаттык сактоо жана Эмгек министрлиги ушул жылдын февраль айында бир ведомствого бириктирилген. Анда өкмөттүн түзүмү алгачкы жолу өзгөртүлүп, бул кадамды «оптимизация» деп аташкан.

Ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов эки башка министриликти бириктирүү «маселе эмес» — ведомстволордун штаттары сакталат деп белгилеген.