«Азаттыктын» үгүтүнө студенттерди тартуу: ОшТУнун мугалимдерине сөгүш жарыяланды

3-ноябрда «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына Ош технологиялык университетинин студенттери катышканы үчүн окуу жайдын эки окутуучусуна сөгүш жарыяланды. Бирок алар студенттерди партиянын үгүт иш-чарасына алып келгени үчүн эмес, «сабак учурунда студенттерди көргөзмөгө катыштырганы» үчүн сөгүш угушту.

Ал эми 9-ноябрда ушул эле иш-чарага ОшМУнун сутденттери катышканы үчүн окуу жайдын ректору жана бир нече мугалими кызматтан алынган. Ош ШИИБи университеттин мугалимдерине «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

Үгүт иш-чарасына тартылган студенттер

«Азаттыктын» чуулуу үгүт иш-чарасына стеденттер тартылганы боюнча маалымат чыккандан кийин журналист Ыдырыс Исаков борбордук аянтка барып, ал жерде жүргөн студенттерди сурамжылоого алган. Алардын айрымдары Исаковго ОшМУдан, дагы башкалары ОшТУдан келгенин айтып беришкен.

Мисалы, студенттердин бири ОшТУнун «Курулуш» факультетинде окуй турганын айткан — студенттин колунда «Азаттык» партиясынын байрагы болгон.

«Азыр сабак [болуп жатат]. Бизди эжекелер “сабак болбойт” деп, бул жакка жөнөткөн. Бул жердеги драмтеатрда бир нерсе болуп жаткан экен го», — деген ал.

Дагы бири ОшТУдан келгенин айтып, бирок кайсы факультеттин студенти экенин айтуудан баш тарткан.

«Студенттер көргөзмөгө келген»

Үгүткө студенттер тартылганы боюнча маалымат чыккандан кийин милиция териштирүү жүргүзүп, натыйжада ага ОшТУга караштуу Гуманитардык-технологиялык коллежинин «Курулуш» кафедрасында окуган балдар тартылганы аныкталган.

Ал эми аталган кафедранын башчысы Эмилбек Эргешов менен доцент Гуля Эргешова студенттерди сабак маалында Ош улуттук драма театрында өтүп жаткан Эл аралык адистештирилген көргөзмөгө алып барышканын билдиришкен. Бирок ОшТУнун студенттери «Азаттыктын» иш-чарасына кандайча барып калганы белгисиз.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, Ош драмтеатрында 2-3-ноябрда YugStroy 2021 курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук боюнча көргөзмө өткөрүлгөн. Бирок көргөзмөдө тартылган сүрөт жана тасмаларда студенттер көрүнбөйт.

Билим берүү жана илим министрлигинен 12-ноябрда «Клоопко» бул тууралуу маалымат тактала турганын билдиришкен, бирок азырынча жооп келе элек.

Ош ШИИБден «Клоопко» тасмадагы ОшТУнун студенти суракка алынганын билдиришти. Ал сурак учурунда «үгүт иш-чарага өз каалоосу менен барганын» айткан. Студент мугалимдерге каршы көрсөтмө берген эмес, мындан улам ОшТУнун окутуучуларына карата административдик ресурсту колдонуу боюнча айып тагылган эмес.

Ал эми ОшМУнун мугалимдерине карата тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлдү. Мыйзамга ылайык, мугалимдер белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратылып, 30 миңден 60 миң сомго чейинки айыпка жыгылышы мүмкүн.