«Мегаком» иши. Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто жеңди

Кыргызстан MegaCom байланыш операторунун иши боюнча Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто жеңди. Бул тууралуу 15-ноябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстанга каршы иш 2017-жылдын июлунан тартып, тагыраагы, Улуу Британиянын Виргин аралдарында катталган Penwell Business Limited компаниясы «рейдерлик» үчүн Кыргызстандан 298 млн доллар кенемте талап кылгандан бери жүрүп жаткан.

Кийин, 2021-жылдын 8-октябрында арбитраждын курамы Penwell Business Limited’дин кенемте талап кылуу боюнча дооматын толук түрдө четке каккан. Юстиция министрлиги ошол убакта да арбитражда Кыргызстан жеңгенин кабарлаган. Анда минкабдан Кыргызстандын бул талаштагы жеңиши — «кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу чет элдик инвестициялар үчүн жакшы кабар» деп билдиришкен.

Бирок бул жолкусунда алар 2021-жылдын 5-ноябрында арбитраждык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Лондондун «Жогорку сотуна» даттануу мөөнөтү өтүп кеткен деп билдиришти.

«Ошентип, кыргыз тарап 300млн долларлык талашта жеңди деп расмий айтууга болот», — деп билдиришти Юстиция министрлигинен.

Юстиция министрлиги дагы эмне дейт?

Мындан тышкары, трибуналдын курамы компания коюп жаткан талапты «аткарууга мүмкүн эмес», себеби фирма өз инвестициясын коррупциялык жол менен алган деп токтом кылган.

«Алар 2005-жылдын октябрында Penwell Business Limited “БиМоКом” компаниясын сатып алганы, андан ары компаниянын 49% үлүшү ошол убакта Алексей Елисеев көзөмөлдөгөн “Форнтек” компаниясына сатылышы Кыргызстанда Penwell Business Limited’дин инвестициялары коррупциялык жол менен алынганын айгинелеп турарын белгилешти», — деп айтышты ведомстводон.

Юстиция министрлиги кошумчалагандай, 2010-жылы Penwell Business Limited коррупция аркылуу бизнести кайра өз колуна алууга аракет кылган, мында ал «компаниянын кызыкчылыгы үчүн судьялар менен прокурорлорду сатып алууга» чейин барган.

Ведомстводон соттун жыйынтыгы боюнча минкаб талдоо жүргүзгөнүн да кошумчалашты. Мындан улам Юстиция министрлиги эл аралык арбитраждык жана башка соттук процесстерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле жаңы арбитраждык доолордун мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү боюнча мөөнөттүү чаралардын планын бекитүүнү демилгелеген.

Бул эмне болгон иш?

Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы «Мегаком» соода маркасына ээлик кылган «БиМоКомдун» инвестору жана кредитору болуп саналат. 2009-жылдын жай айларына чейин Penwell «БиМоКомдун» 51% үлүшүнө ээлик кылып келген.

2009-жылдын июль айында бул компаниянын активдери жаңы түзүлгөн «Альфа Телеком» ЖАКна которулган. Penwell бул кадамды өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин рейдерлик басып алуусу деп атаган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин компаниянын 49% акциясы улутташтырылып, калган 51%ы камакка алынган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

2017-жылы Penwell Business Limited компаниясы эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстанды сотко берген. Компания өлкө бийлиги экспроприация кылып, тактап айтканда инвестицияларды «Мегакомго» тартып алган деп билдирип, Кыргызстандан 298 млн доллар компенсация талап кылышкан.