Президент добушун саткандар да, сатып алгандар да абак жазасына кесилерин эскертти

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан да жарандар бир жарым жылдан эки жылга жылга чейин абак жазасына кесилерин эскертти.

Жапаров Жазык кодексинин «Шайлоочуларды сатып алуу» беренесине таянып, укук коргоо органдарын «эгерде ушундай көрүнүштөр боло турган болсо катуу чара көрүүгө» чакырды.

Өлкө башчысы билдирүүсүнө «Өлкөнүн көйгөйү кембагалдардын эмес, байлардын курсагы тойбой жатканында» деген маанидеги учкул сөз жазылган сүрөттү тиркеген.

«Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин», — деди Жапаров.

Жапаровдун жана Ташиевдин таза шайлоо өткөрүү ниети

Бул президент Жапаровдун таза шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы билдирүүсү эмес. Буга чейин Акылбек Жапаров жетектеген жаңы министрлер кабинетинин курамы бекитилгенден кийин өлкө башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, «админресурс колдонулбайт» деп убада берген.

«Шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет. [...] Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз», — деген Жапаров өз сөзүндө.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талапкерлердин «добуш сатып алуусуна жол берилбейт» атайын кызмат мыйзам бузууларды «күнү-түнү көзөмөл кылышы керек» деп билдирген. Мындай билдирүүнү Ташиев 10-ноябрда УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылыш аземинде айткан.

«Бизде маалыматтар бар, көптөгөн талапкерлер күтүп отурушат: “Мына [шайлоого] бир апта, эки-үч күн калганда добуштарды сатып ала баштайбыз” деп. Бир апта, эки-үч күн калганда [шайлоого] күнү-түнү уктабашыңар керек. Күнү-түнү көзөмөл кылышыңар керек. Эгерде кайсы бир жерде силер билбей калып, добуштарды сатып алуу процесстери жүрүп кеткен болсо — ошол жердеги биздин кызматкерлер жазаланат», — деген Ташиев УКМК кызматкерлерине кайрылып.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

Тема боюнча: Акылбек Жапаров чиновниктерге шайлоого аралашпоо талабын койду