УКМК Аламүдүн РИИБдин эки тергөөчүсүн пара опузалоого шектеп кармады

УКМК Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүн пара опузалоого шектелип кармады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотууну убада кылып, Н.Д. аттуу жарандан 70 миң сом акча талап кылышкан. Арыз ээси каражатты тергөөчүлөрдүн биринин банктык эсебине которгон.

«Г.М.Ш. аттуу тергөөчү 2021-жылдын 12-ноябрда алдамчылык фактысы боюнча Н.Дга карата ачылган сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим чыгарганы аныкталды», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин үстүнөн «Опузалап пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Ал эми ишти кыскарткан тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин, 4-ноябрда 80 миң сом пара опузалоого шектелип Бишкектин Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалган. Ал жарандарды акча уурдоого күнөөлөп, аларга карата «мыйзамсыз арыздары демилгелөөгө» айыпталган.

Ал эми 22-октябрда Октябрь РИИБдин үч кызматкери «коррупцияга» шектелип кармалган. Аскер прокуратурасы Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков менен тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызын кармаган. Алар жалгыз бой энени камоо менен коркутуп, андан акча опузалашкан.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында УКМК Бишкектин Биринчи май РИИБнин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармаган. Милиционер Чүй облусунун тургунунан 500 АКШ долларын жана кымбат баалуу сувенирди талап кылган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Октябрь РИИБнин жетекчиси жана тергөөчүлөрү пара опузалоого шектелип кармалды

УКМК: Биринчи май РИИБнин кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды