«Аброю таза тергөөчүлөр келет». Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлдү

Өлкөдө Башкы прокуратурага караштуу Антикоррупциялык тергөө башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер эми ушул башкармалыкта каралат. Жапаров бул башкармалыкка «аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл» экенин белгиледи.

«Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл», — деди ал.Президент ИИМ кызматкерлери, судьялар корпусу, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда да кызматкер сөзсүз түрдө психологиялык тесттен өтүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Ал укук коргоо жана сот органдарынын акыйкат иш-аракети «элдин ишенимин арттыруунун бирден-бир булагы» экенин баса белгиледи. Ошондуктан президент бул органдардын ишинде «ачык-айкындыкты максималдуу түрдө камсыздоо зарыл» деп эсептейт.

Финпол жана УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жоюу

Анткен менен өлкөдө коррупцияга каршы күрөшкөн ведомстволор бар болчу — Финпол жана УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат. Мекеменин экөөсү тең Жапаров президент болуп келгенден кийин жоюлган.

Финполдун имараты жана УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын герби.

5-мартта Финпол жоюлуп жаткан кезде ошондогу минкаб башчысы Улукбек Марипов мекеме «жазалоочу функцияларды гана аткарып калганын» билдирген. Ал эми Жапаров өзү июнда бизнес-коомчулук менен жолугушууда Финпол бизнес тарабынан көп даттануулар болгондуктан жоюлду деп айткан. Анда ал бизнестин кызыкчылыгы менен укуктарын коргоо функциясы Башкы прокуратурага жүктөлөрүн айткан.

Кийин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы да жоюлган. Жарлыкта аталган кызмат УКМКнын «ишмердигин отимизациялоо максатында» жоюлганы маалымдалган.

Ал эми 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында президент Финпол менен Антикоррупциялык кызматты жоюу аркылуу « укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык» деп билдирди.

Президент «мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек» деп кошумчалады. Ал бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет деп белгиледи.