Азамат Жээнбеков Ош мэриясынын басма сөз кызматын жетектейт

Жалал-Абад мэриясынын мурдагы басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков 17-ноябрда Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болду. Аны бул кызматка мэр Алмаз Мамбетов үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындады.

Азамат Жээнбеков ким?

33 жаштагы Азамат Жээнбеков 2019-жылдан бери Жалал-Абад мэриясынын маалымат борборунун директору болуп иштеп, 2021-жылдын май айында кызматын тапшырган. Жээнбеков негизинен Мураталы Тагаевдин тушунда иштеген.

Тагаев 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Анын ордуна мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Эрнис Ормоков дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ал мэр болуп шайланган.

Ормоков өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан.

Ошондой эле ал Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон — депутаттыкка «Ата-Журт» партиясынан келген.

Жээнбековдун ордуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айылдашы, «Регион» телеканалынын мурдагы оператору Акниет Кеңешов келген болчу.

Мэриянын буга чейинки басма сөз катчысы Керимбек Калыкулов бир жума мурда өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Калыкулов муну мэриянын расмий баракчасынан экс-мэр, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовдун үгүт материалы бөлүшүлүп кеткенине байланыштырган.

Сарыбашовдун үгүт видеосу Ош мэриясынын баракчасынан «Ош Пресс Клуб» тайпасына 5-ноябрда бөлүшүлгөн. Анда мэриядан кызматкерлердин буга тиешеси жок экенин билдиришкен.

Ал эми мурдагы басма сөз катчы, учурда Сарыбашовдун үгүт штабында иштеп жаткан Азамат Абсаттаров үгүт материалды «ал байкабастан бөлүшүп алышы мүмкүн» деп билдирген.

Ош АШКсы бул иш иликтенээрин жана күнөөлүүлөр жазасын алаарын убадалаган.