Жалал-Абадда электр мунарасынан боюн таштаганга аракет кылган окуучу куткарылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жанын кыюуга аракет кылып, ал ӨКМ тарабынан куткарылды. Бул тууралуу 17-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ӨКМге саат 17:18дер чамасында жогоркувольттуу электр мунарасынан окуучу бала боюн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматта айтылган жерге беш куткаруучу дароо жөнөп кеткен.

Мектеп окуучусу электр мунарасында. Сүрөт: ӨКМдин басма көз кызматы

«Тажрыйбалуу куткаруучулардын жардамы менен 30 мүнөттүк сүйлөшүүлөрдөн кийин боюн таштаганы аракет кылган бала куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти ӨКМден.

Бирок ӨКМ кызматкерлери өз жанын кыюга аракет кылгандарды дайыма эле оюнан кайтууга көңдүрө албай калышат. Алсак, ноябрдын аягында Бишкекте 22 жаштагы бала курулушу аяктай элек имараттын сегизинчи кабатынан секирген. Ал ооруканага жетпей көз жумган.

Бала каралбай калган имараттын сегизинчи кабаттында төрт саат турган, ал эми адамдар окуяны ЖМКлар аркылуу түз эфирден көрүшкөн.

Жаш жигиттин өлүмүнөн кийин коомчулук куткаруучулардын иш-аракеттерин сынга алган. Ал эми ӨКМ маркумдун өлүмүнө байланыштуу ички тергөө жүргүзүлөрүн кабарлаган.

Тема боюнча окуңуз:

Сегизинчи кабаттан секирген бала ооруканага жетпей каза болду