БШК Момбековдун «жасалма диплому» боюнча маселени соттун чечиминен кийин карамай болду

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын талапкери, депутат Рыскелди Момбековдун «жасалма диплому» боюнча маселени тергөөнүн жыйынтыгы жана сот өкүмүнөн кийин чечим кабыл алууну чечти. Момбеков талапкер катары шайлоого катышууну уланта берет.

БШКнын отурумуна катышкан УКМКнын улук тергөөчүсү Равшан Токонов талапкер Момбековдун 2003-жылы алынган «биринчи диплому жасалма болгон» деген маалыматты кайталады. Ошондой эле атайын кызмат Момбеков жасалма диплому менен экинчи жогорку билимин «мыйзамсыз алган» деп билдирди.

Учурда бул факты боюнча «Документтердин жасалмасы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Тергөө 2020-жылдын 5-мартында башталган.

Ал эми отурумга келген талапкер Момбеков айыптоолорду четке какты. Мобековдун айтымында, ал 2017-жылы ошол кездеги УКМК башчысы Абдил Сегизбаевден бул ишти тактап берүүнү суранган. Ошондой эле ал 2020-жылы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковго дипломдун көчүрмөсүн берип, мүчүлүштүктөрдү иликтеп берүүнү суранганын белгиледи.

«Азыркы талашка түшкөн диплом жасалма болсо муну кыскартып койгонго бардык мүмкүнчүлүктөр бар эле. Бардыгыңыздар жакшы билесиздер, мен мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана “Кой-Таш окуясына” чейин Сооронбай Жээнбеков менен жакшы мамиледе болгонмун. “Бармак басты, көз кысты” кылып же болбосо “мөөнөтү өтүп кетти” же амнистияга тыгып кыскартып салууга толук негиз бар болчу. Бирок мен буга кызыккан эмесмин», — деди Момбеков.

Ошондой эле Момбеков анын күнөөсү сот тарабынан аныкталбаганын жана анда «эки кол тийбестик» бар болгоунун билдирди — биринчиси Жогоку Кеңештин депутаты, экинчиси катталган талапкер катары.

Момбековдун дипломдору

Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анткен менен окуу жайдан Момбеков аларда билим албаганын, ал эми 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом окууну Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө берилгенин маалымдашкан.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептейт.

Момбековдун айтымында, анын 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту өткөн жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалган». Депутат бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын да белгиледи.

Дагы окуңуз: УКМК: Момбековдун биринчи диплому жасалма, экинчиси мыйзамсыз алынган