«Кумтөр иши». Экс-премьер-министрлер эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

«Кумтөр иши» боюнча кармалган экс-премьер-министрлер Темир Сариев жана Жоомарт Оторбаевдин 20-ноябрда баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сариев эч жакка кетпөө тил каты менен УКМКнын тергөө изоляторунан бошотулган. Ал эми Отобаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Анын өтүнүчү менен Оторбаев да эч жакка кетпөө тил каты менен ТИЗОдон чыгарылган.

Сариев жана Оторбаевдин кармалышы

Темир Сариев 2011-жылы ал экономика министри болуп, бир жылдан кийин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Темир Сариев

2015-жылы Сариев өлкөнүн премьер-министри болгон, бирок бир жылдан кийин Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоонун айланасындагы ызы-чуудан улам кызматтан кеткен.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмеси менен бараарын билдирип, бирок кийинчээрек шайлоого катушуудан баш тарткан.

Сариев 3-августта «Кумтөр ишинин» алкагында УКМК тарабынан камакка алынган.

«Экономика министри жана мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда “Кумтөр” кенин иштетүүдө экологияга келтирген чыгымдын суммасынан бир нече миллиард сом кыскарып кеткен», — деп билдирген УКМКдан.

Ал эми Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Жоомарт Оторбаев

УКМКнын маалыматына караганда, Оторбаев премьер-министр болуп турганда Кумтөр кенинин башкы планы боюнча экспертиза өткөрүү боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине басым жасап, Суу кодексинин жана «Суулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузган.

Тергөө экс-премьер мындай кадамга Centerra Gold Inc. компаниясынын кызыкчылыгы үчүн барган жана Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн жок кылууга макулдугун берген.

Оторбаев 2014-жылдын 25-мартынан 2015-жылдын 25-апрелине чейин премьер-министр болуп иштеген.