«Кумтөр иши»: УКМК экс-премьер-министр Темир Сариевди кармады

Темир Сариев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-премьер-министр Темир Сариевди «Кумтөр ишинин» алкагында кармады. Бул тууралуу атайын кызмат 3-августта кабарлады.

«Сариев бир эле мезгилде экономика министри жана мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда “Кумтөр” кенин иштетүүдө экологияга келтирген чыгымдын суммасынан бир нече миллиард сом кыскарып кеткен», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

*Сариев 2012-жылы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссиясын жетектеген.

Экс-премьер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы арада анын бөгөт чарасы каралат.

УКМК «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өмүрбек Бабанов, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Учурда Бабанов, Сарпашев, Пирматов жана Молдошевадан башкасынын баары УКМКнын тергөө абагында.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «Кумтөр» боюнча келишимдерден чыгуу процессин демилгеледи

Нью-Йорк соту «Кумтөрдүн» активдери менен эсептерин камакка алуу өтүнмөсүн убактылуу четке какты