«Азаттыктын» талапкери Медеткан Шеримкулов 7,5 миң сомдук айыпка жыгылды

Медеткан Шеримкулов

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-ноябрда «Азаттык» партиясынын талапкери Медеткан Шеримкуловду 7,5 миң сом айып пулга жыкты. Шеримкулов өзүнүн Фейсбук баракчасында Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун катышуусундагы видеону жарыялаган.

Шайлоо мыйзамынын 28-беренеси талапкерлерге үгүт маалында «башка мамлекеттердин саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн жана көрмө материалдарын колдонууга» тыюу салат.

БШКнын жумушчу тобунун маалыматына ылайык, аталган видеоролик Шеримкуловдун барагында 16-20-ноябрь күндөрү жарыяланып турган. Ал эми «Азаттыктын» ыйгарым укуктуу өкүлү бул материалды жайгаштырууга «тиешелүү келишим түзүлгөнүн» билдирген.

Ал эми Боршайкомдун мүчөлөрү Шеримкуловдун аракетин Бузуулар кодексинин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренесине каршы келет деп тапты.

Шеримкулов «легендарлуу парламенттин» экс-спикери, ал «Азаттык» партиясынын тизмесинде №2 катар номурда бара жатат. Саясатчы Кыргызстандын Түркия жана Ирандагы элчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал 1995-жылкы президенттик шайлоого катышып, 1,72% добушка ээ болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экс-депутаттар жана журналист: «Азаттык» партиясынын тизмесинин сап башында кимдер?