«Мечит жана мектептин жанындагы үгүт». Нарындан аттанган төрт талапкерге айып салынды

Мелисбек Жунусов / Чыңгыз Капаров / Алмазбек Баатырбеков / Улан Бакасов

№33 Нарын шайлоо округунун талапкерлери Мелисбек Жунусов, Чыңгыз Капаров, Алмазбек Баатырбеков жана Улан Бакасов 7,5 миң сомдон айыпка жыгылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 21-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

Маалыматка ылайык, талапкерлер мечит жана мектептердин жанына үгүт материалдарын — баннер, щит жана брошюраларды жайгаштырышкан. Мыйзамдын 28-беренеси ибадат кылуучу жайларга жана билим берүү мекемелеринин жанында үгүт иш-чара жүргүзүүгө жол бербейт. Эң аз дегенде 100 метр аралык сакталышы зарыл.

Талапкер Баатырбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурсултан Акылбеков алар үгүт материалын мечиттин жанында жайгаштырганын моюндады. Ошол эле учурда Акылбеков мыйзамда аталган жайларда «үгүт жүргүзүүгө тыюу салынганын», бирок алардын баннери «маалымат катары» жайгаштырылганын белгиледи.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов баннер талапкер тууралуу маалымат берген учурда да үгүт болуп саналарын билдирди. Ошондуктан БШК төрт талапкерге «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренесинин негизинде айып пул салууну чечти.

Мындан сырткары, отурумда «Ынтымак» партиясынын талапкери Бакыт Тентишев Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы мектептин жанына үгүт материалдарын жайгаштырганы аныкталды. Бул талапкер дагы 7,5 миң сом айыпка жыгылды.

Буга чейин Боршайком президент Садыр Жапаровдун кудасы, №36 Ак-Суу шайлоо округунан талапкера Акылбек Түмөнбаевге да 7,5 миң сом айып пул салган. Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы мектептин аймагында үгүт жолугушууну өткөргөн.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.