Ош облусунда тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Даректери

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Azattyk

Ош облусунун аймагында 22-ноябрдан тартып тоннасы 3000 сомдон турган көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу «Клоопко» облустук администрациянын басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Анын айтымында, азырынча көмүр муктаж болгон төрт райондо сатылып жатат. Көмүр Өзгөн районунун Он беш жаш айылындагы карьерден алынып келинүүдө. Ошондой эле ал көмүрдүн сапаты текшерилгенин белгиледи.

«Көмүр майда экен, бирок текшерип чыгышты, жакшы күйөт экен, ышы жок, күлү да аз», — деп ишендирди Муратбек уулу.

Басма сөз катчы башка райондордун тургундары арзан көмүр менен кен иштеткен компаниялардын эсебинен камсыздалганын кошумчалады.

Арзан көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:

  • Ноокат району: Мирмахмудов айыл өкмөтү, аэропорт участкасы; Кулатов айыл өкмөтү, Абшыр-Ата айылы.
  • Кара-Суу району: Жоош айыл өкмөтү; Сарай айыл өкмөтү.
  • Кара-Кулжа району: Кара-Кулжа айылы, болжол «Кулун-Ата» май куюучу жайы.
  • Араван району: Алля Анаров айыл өкмөтү, Пахта заводу.

Бул жылы өлкөдө көмүрдүн баасы өткөн жылга караганда кымбат болуп жатат. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан ноябрь айына чейин эле көмүрдүн чекене баасы 10%га кымбаттаган. 18-ноябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 706 сомду түзгөн.

Эң эле кымбат көмүр Ош облусунун Ноокат районунда сатылууда — тоннасы 10 040 сом. Андан кийинки эле эң кымбат көмүр Баткенде сатылып жатат — 9 719 сом.

Көмүрдүн кымбаттыгынан улам министрлер кабинети 12-октябрда баага 90 күндүк мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкектеги ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, борбордо көмүр арзандаган. Анын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук статком: Баткен менен Ноокатта көмүрдүн тоннасы 10 миң сомдон сатылып жатат