БШКнын отурумунда «Ишенимдин» талапкеринин үгүт иш-чарасында медиктер катышканы айтылды

БШКнын 23-ноябрындагы отурумунда «Ишеним» партиясынын талапкери Шерзодбек Умарбековдун Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өткөргөн үгүт иш-чарасына дарыгерлер катышканы айтылды.

Боршайкомдун ыкчам чара көрүүчү тобу үгүт иш-чарага айылдык дарыгер-педиатр Мукадам Юнусова жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин тобунун кызматкерлери катышканын билдирди. Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова муну «үгүт эрежелерин бузуу» деп атады.

№13 Сузак шайлоо округунун талапкери Юлия Лилиенталь буга чейин видеокайрылуу жолдогон. Анда Лилиенталь Умарбековду «административдик ресурту пайдаланууга» айыптап, далил катары үгүт иш-чарасында тартылган сүрөттөрдү жарыялаган.

Анткен менен Сузак РИИБи бул боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тергөө баштап, бирок көп өтпөй ишти кыскартып салган.

Күч органдары Умарбековдун иш-чарасына жергиликтүү кеңештин депутаттары, мурдагы айыл башчылар жана аксакалдар сотунун судьясы катышкан деп билдирген.

Анткен менен Боршайкомдун жыйынында Сузак РИИБинин өкүлүнөн кошумча маалымат берүүнү өтүндү. БШК Умарбековдун ишин кароону 23-ноябрындагы отурумунда улантмай болду.

Умарбековдун суракка алына электиги сынга алынды

Шерзодбек Умарбеков. Сүрөт «Азаттык»

Мындан сырткары, БШКнын отурумунда Умарбековдун үстүнөн жалпсынан алты арыз түшкөнү айтылды. Сузак РИИБисинин өкүлү бир иш кыскартып, беш факты боюнча тергөө бүтө электигин билдирди.

*Буга чейин Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров Умарбеков «президенттин атын жамынып» аны телефон аркылуу коркутканын билдирип, милицияга арыз жазган. Кийинчерээк талапкердин үстүнөн дагы үч арыз түшкөнү белгилүү болгон — арыз ээлери Умарбеков аларга «басым» жасаганын билдиришкен. Дагы бир арыз социалдык тармактарда тараган аудиожазуу менен байланыштуу.

Ал эми БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров күч органдары ушул күнгө чейин Умарбековду суракка албаганын сынга алды. Шайназаровдун айтымында, талапкерлерди күбө катары суракка алууга мыйзам жол берет.

«Ал жерде мамлекеттин жетекчиси [Садыр Жапаров] тууралуу сөз болуп жатат. Сузак райондук администрациясынын жетекчиси [Баратбек Сыдыкназаров] “300 миң калкы бар райондун жетекчисин коркутту” деп арыз менен кайрылып жатат. А сиздер бүгүнкү күнгө чейин сурай элекпиз деп жатасыздар», — деди Шайназаров.

Шайлдабекова алты күндөн кийин шайлоо өтө турганын эске салып, кийин тергөөнүн жыйынтыгы «керек болбой калат» деп билдирди.

«Айрым маалыматтар боюнча биз дагы расмий маалыматтарды, корутундуларды күтүп жатабыз. Бирок азыркы келип жаткан жыйынтыктар боюнча ыкчам чара көрүү тобу өзүнүн сунуштарын берип жатат. Калган маалыматтар боюнча биз дагы деле күтүп жатабыз. Ошол тергөөнүн жыйынтыктары келгенде биз кошумча маселени дагы карайбыз, анткени ушул талапкер боюнча бир нече эпизод болуп жатат да», — деди Шайлдабекова.

Отурумга катышкан «Ишенимдин» өкүлү Сузак районунда «эки партиянын ортосунда тиреш болуп жатканын» белгилеп, бирок алардын атын ачыктоодон баш тартты.