Өмүрбек Текебаев: Биз Кумтөрдү мамлекетке өткөрбөй эле басып жатабыз

КТРКда өткөн дебатта «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр кени Кыргызстанга өтпөгөнүн, Centerra Gold Inc. компаниясынын «бир дагы акциясын ала алганыбыз жок» деп билдирди.

«Бүгүн баары “Кумтөрдү биз алдык” деп айтышат. Мен мына бүгүн ачык айтып койгум келет — биз Centerra’нын бир дагы акциясын алганыбыз жок. Биз “Кумтөр Голд Компанинин” бир мыгын өзүбүзгө алганыбыз жок. Алыш үчүн “кызыл китеп” дегендей документ болушу керек. Биздин мыйзамдарга ылайык, аны өзүбүздөргө өткөрүп алышыбыз керек. Биз Кумтөрдү [мамлекетке] өткөрбөй эле басып жатабыз», — деди саясатчы.

Ошондой эле Текебаев ««Ата Мекен» Садыр Жапаровдун Кумтөр кенине байланыштуу 2012-жылкы токтомун кабыл алууга каршы чыкканын мындайча түшүндүрдү.

*2012-жылы Садыр Жапаров «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген парламенттик комиссиянын башчысы болгон. Анда ал Centerra Gold Inc. канадалык ишканасы менен түзүлгөн келишимди чакыртып алууну сунуштаган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилгени колдоодон баш тартышкан.

«“Садыр Жапаровдун 2012-жылкы Жогорку Кеңешке сунуштаган токтомун колдосо, Кумтөр ошондо Кыргызстанга өтүп калат эле” деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз, анткени “2003-жылы жана 2009-жылы элге каршы келишимге кол койгон чиновниктер жазалансын” деген сунушубуз ал токтомго кирбей койгон», — деди Текебаев.

Ошондой эле Текебаев Жапаровдун тогуз жыл мурун сунуштаган токтомунда бир айдын ичинде ишкана түзүлүп, Кумтөрдүн мүлкү ошого алынып берилсин деген норма бар эле дейт. Бирок иш жүзүндө бул ишке ашмак эместигин белгилейт.

«Бир ай эмес, Садыр Жапаровдун келгенине 12 ай болуп турат. Ошол токтомду эмне үчүн азыр жылдырган жок? [...] Анткени улуттуаштыруунун механизмдери көргөзүлгөн эмес. Анын бир эле механизми бар — бул мыйзам менен мамлекетке алуу», — деди ал.

«Ата Мекендин» лидери «Кумтөр Голд Компанинин» сырттан башкаруучулары май айынан тарта Кумтөрдө канча алтын казылганын, канча калганы тууралуу маалыматты ачыктабай жатканын сынга алды.

Тема боюнча: Компания ар бир депутатка отчёт берүүгө милдеттүү эмес — «Кумтөр» эл өкүлдөрүнө жооп берди

«Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизүү

Сүрөт: «Клооп»

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» туундуу компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

18-майда өлкө жетекчилиги Теңгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Тема боюнча: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Centerra Gold кандай чара көргөн?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Тема боюнча: Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. 17-августта сот доо арызды карашы керек болчу, бирок Канада компаниясынын өкүлдөрү сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылганын кабарлашты.