Орусия элчилиги Кыргызстандын тил боюнча жаңы мыйзам долбооруна кабатыр

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко элчиликтин Instagram’дагы расмий барагына «Кыргызстандын мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

Анын айтымында, Орусия кырдаалга көз салып жатат жана ал жерде долбоордун азыркы түрүндө кабыл алынышы «Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилдин колдонуу чөйрөсү кыскарат деген кооптонуулар» бар.

«Өлкөдө кадырлуу дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун орус тилинин Кыргызстандагы гуманитардык миссиясы тууралуу айткандарын эстөө ашыкча болбостур. Жетишкендиктерден ушунчалык оңой эле баш тартуунун канчалык кажети бар?» — деп жазды Удовиченко.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Instagram барагынан скриншот

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясы коомдук талкуудан өттү. Анда кыргыз тилинин макамы кеңейтилген. Ал бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирет.

Мыйзам долбоорунун биринчи бөлүмүндө Кыргызстандын аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин өнүктүрүү принцибин карманары баса белгиленген.

Анда Кыргызстандын ар бир жараны эне тилин пайдаланууга, баарлашуу, тарбиялоо, окутуу жана чыгармачылык иштерин аткаруу тилин эркин тандап алуу укугуна ээ деп жазылган.

Аны менен катар «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам Кыргызстандын жарандарына, өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулары айтылган.

Мыйзам долбоорун эми Жогорку Кеңеш карайт. Ал президент кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун талаптары кимдерге карата колдонулары тууралуу кеңири бул макаладан окуңуз:

Тил жөнүндө жаңы мыйзам. Бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү болот