«259 миң сом». «Альянстын» тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстанды» добуш сатып алууга айыптоодо

Видеодон алынган скриндер

Ош облусунун Кара-Суу районунун Бабалашкар айылында «Альянс» партиясынын тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын штабын «добуш сатып алууга аракет жасоого» айыпташты. Ошол эле учурда үйүн штаб катары иштеткен тургун алардын үстүнөн «жеке кол тийбестикти бузду» деп арызданды.

Эмне болду?

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну Ош шаарынын тургуну аймакта добуш сатып алып жүргөндүгүн айтып милицияга арыз менен кайрылган.

Арыздануучунун сөзүндө, ал 24-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Бабалашкар айылында достору менен турган кезде Оштун тургуну «Тойота-Камри» унаасы менен келип, «Ата-Журт Кыргызстандын» штабы жайгашкан үйгө кирип кеткен. Андан «шайлоого акча таратып жүрөсүңөрбү» деп сураганда, «таратсак эмне кылат элеңер» деп жооп алып артынан түшкөн.

Ал штабдын ичине киргенде аталган киши бир аял менен ак кагазды кармап сүйлөшүп тургандыгын көрүп «кармагыла» деп кыйкырган. Анда Оштун тургуну үйдүн артына өтүп качып кеткен. Өзү да үйдүн артына барып аны кармаганда, колундагы баштыгын үйдүн короосуна ыргытып жиберген.

Арыздануучу короого кирип баштыкты алып, Оштун тургуну менен кошо милицияга барып аны тапшырып берген.

Ошондой эле ал милицияга барган соң баштыктын ичин ачкан учурдан видео тартып, соцтармактарга чыгарган. Баштыкта эки миң сомдук акчалар, блокнот жана ручка көрүнгөн.

Блокноттун өзүндө «шайлоого кеткен чыгымдар» деп жазылып, кишилердин аттары жана алардын тушунда 5000 сомдон акчалар көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, «штаб ижара акысы, «бензин», «баннер үчүн ижара акы» жана башка чыгымдардын суммасы жазылган.

Экинчи тараптын версиясы

Ал эми экинчи тарап арыздануучунун айткандарын четке каккан. Ал унаа алып-сатып иштээрин, штабга Наима аттуу аял көптөн бери «жакшы автоунаа болсо алып бер» деп жүргөндүктөн барганын айткан.

Анын айтымында, жанында 259 миң сом акчасы болгондуктан, бир топ балдар киргенде «мени тоногону келишти» деп ойлоп качып кеткен. Качып баратканда акчаны ыргытып жибергенин тастыктап, бирок балдар кубалап келип аны да, акчаны да автоунаага салып Ош ОИИБге жеткиргенин айткан.

Милициядан арыз жазган балдар «Альянс» партиясынын тарапташтары экенин айтышты.

Өз кезегинде үйүн «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкеринин штабы катары иштетип жаткан Наима аттуу тургун «Альянстын» тарапташтарынын үстүнөн милицияга арыз жазган. Ал балдар анын «жеке кол тийбестигин бузганына» даттанган.

Милиция учурда эки тараптын тең арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, күбөлөрдү сурап жатат.

Талапкер — «коррупционер»

Абдыбахаб Боронбаев

Ош ОИИБи штаб «Ата-Журт Кыргызстандын» кайсы талапкерине таандык экенин ачыктаган жок. Бирок «Клооптун» ишенимдүү булактары штаб партиянын карасуулук талапкерлеринин бири — Абдыбахаб Боронбаевге таандык экенин билдиришти.

Боронбаев — Түндүк Чыгыш бажысынын экс-башчысы. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимов менен коррупциялык схемаларды түзүүгө күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

Сот өкүмүндөгү маалыматка ылайык, экс-бажычы тергөө учурунда күнөөсүн моюнуна алып, кызматташууга макул болгон. Ошондой эле, Райымбек Матраимовго каршы көрсөтмө берип, мамлекетке келтирген 8 млн сом зыянды төлөп берген.

«Ата-Журт Кыргызстан» коомчулукта «бийликчил» деп айтылып келет — аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырышат. Анткени партияны Ташиевдин айылдашы Айбек Маткеримов жетектейт.

Маткеримов өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен барган. Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстандан» Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кайрадан мандатын тапшырган.

Анткен менен Ташиев өзү жана партия лидери Айбек Маткеримов партия УКМКнын төрагасына тиешелүү делген маалыматты четке кагышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Матраимов менен кошо соттолгон эки бажычыга 260 миң сомдон айып салынып бошотулду