«30 тонна цемент». Талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелүүдө

Өмүрбек Бакиров

Ош облусунун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар шайлоо окуругунан талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип жатат. Бул тууралуу Борщайкомдун даттанууларды каттоо реестринде кабарланды.

Маалыматка ылайык, талапкер жана анын үгүтчүлөрү 7-ноябрда Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылында шайлоочулар менен жолугуп, жергиликтүүлөргө таза суу жана жолдорду оңдоо үчүн жардам берүүнү убадалаган.

Ал эми 9-ноябрда Бакировдун штаб башчысы Холилилло Гоипов жана №5573 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Фахриддин Норматов менен биргеликте Ноокаттагы курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн кампасына 30 тонна цемент алып келишкен. Цементтин баасы 149 миң сомду түзгөн.

«Цемент түшүрүлүп бүткөндөн кийин [...] [Жаңы-Ноокат айыл аймагынын] Тескей бөлүмүнүн жашоочуларына цемент №4 Көк-Жар шайлоо округунан депутаттыкка талапкер тарабынан айылдын жолун ондоо үчүн жиберилгени айтылган. [УШКнын төрагасы] №2-катарда турган талапкерди колдоп добуш берип коюга үгүттөгөн», — деп берилет Ош ОИИБнин маалыматында.

*БШКнын маалыматы боюнча, №4 Көк-Жар шайлоо округунан бюллетенде №2 орунда депутат Өмүрбек Бакиров турат.

18-ноябрда Гоипов жана Норматовго карата «Шайлоочуларды сатып алууга аралашуу» жана «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен сотко чейинки иши ачылган. Ал эми 22-ноябрда иш сотко өткөн.

Өмүрбек Бакиров

Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында болгон.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ошондой эле ал кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин «өкүл баласы» экени айтылган — Анапияев 2015-жылы Белорустун Минск шаарында киши колдуу болуп каза тапкан.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы Бакиров менен Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Кийинчерээк сот аларды актаган.

Мындан сырткары, Бакиров 2010-жылы Убактылуу өкмөттү «күч менен кулатууга аракет кылган» деген айып тагылган. Ал эми Бакиров бул айыптоолорду четке кагып келет.