Сузак: Дайынсыз жоголгон 9 жашар Сумаянын сөөгү сайдан табылды

Сумая Хосилжанова

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дээрлик он күн мурда үйүнөн мектепке чыгып кетип кайтып келбеген 9 жашар Сумаянын сөөгү сайдын жээгинен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында милицияга Сузактын Арал айылындагы Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлашкан.

РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу жерине барып кароо жүргүзгөндө ал изделип жаткан Сумая Хосилжанова экени аныкталган. Милиция сырттан кароо жүргүзүлгөндө кыздын денесинде жараат аныкталган жок деп белгилешти.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бир күн мурда кыздын атасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызын табууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле кыргызстандыктардан кызды өздөрү жашаган аймактан издеп коюуну өтүнгөн болчу.

Сумая 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Кыз ошол күнү окууга барган эмес.

Аны издөө иштерине Сузак РИИБдин кызматкерлеринен сырткары 100дөн ашуун айыл тургундары кошулуп, айылдарды аралап издеп жатышкан болчу.

Сузак: 9 жашар Сумая төрт күн мурда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болууда