УКМК: «Бүтүн Кыргызстандын» талапкеринин жолдошу добуш сатып алууга шектелүүдө

УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Элиза Дүйшөмбиеванын жолдошу Ырысбек Тойчубековду добуш сатып алууга шектеп жатат.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Тойчубеков 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында 30 миң сом берип жатканда кармалды.

Ошондой эле УКМКдан Тойчубеков 24-ноябрда «Ысык-Ата районунун тургундарынын добушун сатып алуу үчүн катталбаган сегиз үгүтчүгө 40 миң сом бергени аныкталды» деп билдиришти.

Атайын кызмат шектүүнүн жанынан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин үгүт барактары табылганын кошумчалады.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Элиза Дүйшөмбиева 34 жашта. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде ал жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

УКМК талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамын кармады

Бишкек: Эки киши добуш сатып алууга шектелип кармалды, алардын жанынан 76 миң сом табылды