УКМК талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамын кармады

УКМК 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов бир мандаттуу округунун талапкери Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, П.А.Д. аттуу шектүү 26-ноябрда акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалган.

«Шектүү талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери менен айрым жарандарды мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды», — деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле комитеттен штаб катары пайдаланган имаратты тинтүү учурунда, шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмелер жана ири өлчөмдөгү акча каражаты табылганын белгилешти.

Бул факты боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Таалайбек Дайырбеков 38 жашта. Ал 2021-жылы июлда өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине «Ишеним» партиясынан депутат болуп келген. Ошондой эле ал көпчүлүк коалициянын лидери.

Тема боюнча:

Ош: Милиция «Альянстын» үгүтчүсү делген аялды добуш сатып алууга шектеп кармады

«259 миң сом». «Альянстын» тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстанды» добуш сатып алууга айыптоодо