Ош: Милиция «Альянстын» үгүтчүсү делген аялды добуш сатып алууга шектеп кармады

Сүрөт: Ош ОИИБинин басма сөз кызматы

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Альянс» партиясынын үгүтчүсү делген аялды «добуш сатып алууга» шектеп кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы 27-ноябрда билдирди.

Алгач милицияга 26-ноябрда «Альянстын» айрым мүчөлөрү талапкерлердин пайдасына шайлоочулардын добушун сатып алып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ош ОИИБи бул маалыматты «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен каттап, тергөөнү Ош ШИИБге өткөргөн.

Шаардык милиция бул фактыга тиешеси бар делген 38 жаштагы аял кармады.

«Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралып, топтолгон материалдардын негизинде С.К., “Альянс” саясий партиясынын үгүттөөчүсүнөн жарандарга акча таратыш үчүн 16 миң сом акча алгандыгы аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти Ош ОИИБден.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана «Альянс»

Мындан эки күн мурун «Альянстын» тарапташтары Кара-Суу РИИБисине арыз менен кайрылышып, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын добуш сатып алууга айыптаган. Анда «Альянс» партиясынын тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстандын» Кара-Суудагы Бабалашкар айылындагы штабына «259 миң сом акча менен келген» кишини кармашкан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери тартылган. Ал эми «Альянстын» тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстадын» штабына келген кишинин унаасынан баштык табышкан. Анын ичинде эки миң сомдук акчалар, блокнот жана ручка көрүнгөн.

Блокноттун өзүндө «шайлоого кеткен чыгымдар» деп жазылып, кишилердин аттары жана алардын тушунда 5000 сомдон акчалар көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, «штаб ижара акысы, «бензин», «баннер үчүн ижара акы» жана башка чыгымдардын суммасы жазылган.

Ал эми кармалган жаран арыз бергендердин айыптоолорун четке кагып, штабга «унаа сатып алуу үчүн» келгенин билдирген. Ошондой эле ал жанында 259 миң сом акча болгонун айтып, «Альянстын» бир топ тарапташын көргөндө «мени тоногону келишти» деп ойлоп качып кеткенин билдирген.

Кара-Суу РИИБи бул окуя боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ошол эле учурда турак жайын «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын штабы кылган аял «Альянстын» тарапташтарынын үстүнөн «жеке кол тийбестигин бузганы» үчүн арыз жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош ОИИБи «Азаттык» партиясы шайлоочуларга күйүүчү май куюп бергенин тастыктады

ИИМ «Ыйман Нурунун» үгүтчүлөрүн добуш сатып алууга айыптады. Партия муну четке кагууда

«Добуш сатып алуу» иши: Ошто муниципалдык кызматкер иштен алынды

«30 тонна цемент». Талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелүүдө