Ак-Суу округунан президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаев алдыга чыкты

Алдын ала жыйынтык боюнча Ысык-Көл облусундагы №35 Ак-Суу округунан Акылбек Түмөнбаев 16 086 добушка ээ болуп, алдыга чыкты. Бул жалпы добуштардын 44,48%ын түзөт.

Автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 94%ы саналып бүттү.

Аталган округдан 12 талапкер ат салышкан. Алардын арасында Каракол шаарынын экс-мэри Адыл Жанкорозов дагы бар.

Акылбек Түмөнбаев деген ким?

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. Ал эми 2001-жылдан тарта Каржы полициясынын системасында иштеп, 2016-жылы Эсеп палатасынын аудотуру болгон.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Ошондой эле, Түмөнбаевдин бир тууганы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасыны жетектеп турган. Аны бул кызматка Садыр Жапаров дайындаган. Өлкө башчы кудаларын жогорку кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Турусбек Түмөнбаев үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуунун алдында кызматынан бошотулган.