Алдын ала жыйынтык боюнча Жалал-Абад округунда Шайырбек Ташиев алдыда

Шайырбек Ташиев. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, Жалал-Абад шайлоо округунан талапкерлигин койгон Шайырбек Ташиев шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен добуштардын дээрлик 62,08 пайызына ээ болду.

БШКнын маалыматына ылайык, учурда автоматтык эсептөөчү урналардын 100%ы саналып бүттү. Ал эми Ташиев үчүн 21 266 адам добуш берген.

Жалал-Абад шайлоо округу боюнча жалпы 106 565 шайлоочу бар, алардын 34 258и добуш берди.

Ташиевден башка Жалал-Абад шайлоо округунан дагы беш талапкер ат салышкан. Алар — Келдибек Жээнбеков, Манас Шаимкулов, Чыңгыз Салымбаев, Таалайбек Атабеков жана Кумарбек Мамасадыков.

БШКнын сайтынын скриншоту.

Шайырбек Ташиев мурда мамлекеттик кызматта иштеген, учурда жеке ишкер катары белгилүү.

Ал 2001-жылы Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, ошол эле жылы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде жетектөөчү адис болгон.

Тема боюнча:

«Шайлоо алдында үй белек кылуу». БШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди

«Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?