«Шайлоо алдында үй белек кылуу». БШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрдагы отурумунда №14 Жалал-Абад шайлоо округунун талапкери Шайырбек Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзүү» үчүн жазуу түрүндө эскертүү берди. Эскертүү талапкердин бир тууганы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 22-октябрда Сузактагы Барпы айылынын тургунуна үй тапшырганы үчүн берилди.

Бирок БШКнын ыкчам чара көрүү тобу Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде «шайлоо астында кайрымдуулук кылуунун» белгилерин аныктаган жок. Боршайком мындай жыйынтыкты Жалал-Абаддын Сузак райондук милициясынын маалыматына таянып чыгарды. Анда күч органдары үйдү Ташиев эмес, Абдимиталип Мамитов аттуу ишкер жана жергиликтүү тургундар салып бергенин билдиришкен.

Шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде талапкерлер жана алардын жакын туугандарына кайрымдуулук менен алектенүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда, БШК Ташиевдин аракеттеринде «алдын ала үгүттөөнүн» белгилери бар деп эсептейт. Анткени үгүт кампания 29-октябрдан тарта башталды.

«Бул тууралуу маалымат тарап кеткен жана маалыматтык үгүт катары кабыл алынат. Ошого байланыштуу үгүт иштеринин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу белгилери болуп жатат [...] Бул маалымат “Регион ТВ” жана башка телеканалдарда тарап кеткен. Ал үгүттүк таасир этүүчү маалымат катары болгон», — деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

22-октябрда Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалы ал Барпы айылындагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй тапшырганын баяндаган сюжет жарыяланган. Анда Муратовдор турак жайга муктаж болгондуктан айыл аксакалдары Ташиевге кайрылганы айтылган. Натыйжада эки айдын ичинде аталган үй-бүлө үчүн турак жай курулган.

Ал эми Барпы айылынын тургундарынын бири Абубакир Кадыров бул үйдү Камчыбек Ташиев «өз жанынан салып бергенин» билдирип, ал «үйгө муктаж болгон адамдарга да салып берүүгө даяр» экенин белгилеген. Ал эми «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов үй УКМКнын төрагасынын эсебинен салынганын бышыктаган.

Бирок Жалал-Абад ОИИБиден сюжетте айтылган маалыматтар тууралуу комментарий бере алышкан эмес.

Дагы окуңуз: «Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?

Ташиев менен бирге БШКдан жазуу түрүндө эскертүүнү Нурали Талипов жана Ормон Нурбек уулу алышты — алар шайлоого №3 Кадамжай жана №32 Кочкор шайлоо округдарынан катышып жатышат. Боршайком эки талапкер дагы «алдын ала үгүт жүргүзгөн» деп тапты.

Нурали Талипов / Ормон Нурбек уулу

Нурали Талипов Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Көксал Топтан атындагы мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына атайын форма белек кылган. Бул тууралуу репортаж «Азаттыктын» барагына 14-сентябрда жарыяланып, бирок кийинчерээк өчүрүлгөн.

Ошондой эле, отурумда Талиповго карата «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылганы кабарланды.

Ал эми 18-октябрда талапкер Ормон Нурбек уулу тууралуу Limon.kg порталында макала жарыяланган. Анда Нурбек уулу Кочкор районунда кайрымдуулук менен алектенери, аймактагы жолдорду оңдоп, суу жана электр энергиясын өткөрүп бергени айтылган. Бирок ал кайрымдуулукту 2017-2020-жылдардын аралыгында жасалганы аныкталган.

Ошондой эле отурумда Нурбек уулу Кочкор РИИБнин кызматкерлерине видеобайкоо жабдыктарын тартуулаган деген маалымат айтылды. Учурда бул факты боюнча да тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Боршайком 28-октябрда шайлоо катыша турган 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкерди каттады.