Ошто «Клооптун» журналисттерине шайлоону чагылдырууга тоскоолдук жаратылды

Оштогу №5321 шайлоо участогу. Сүрөт: «Клооп»

Ош шаарындагы №5321 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Элдар Искендеров «Клооптун» журналисттерине шайлоону чагылдырууга тоскоолдук жаратты. Бул аракетин ал «Клооптун» байкоочулары аккредитациядан өтпөгөн деп түшүндүрдү.

Искендеров WhatsApp’тагы группага келген аудиону угузду. Анда белгисиз киши «Клооптон» байкоочулар келсе каттоодон өткөрбөгүлө деп айткан.

Биздин журналистибиз байкоочулар «Коомар Медиа» коомдук фонду аркылуу катталганын, ал эми басылма өзү БШКдан аккредитация өткөнүн айтканы менен ал өз позициясында турду.

Бирок кийин Элдар Искендеров катасын мойнуна алууга аргасыз болду. Анткен менен биз УШКнын башчысынын аракетин журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу деп баалайбыз.

«Клооптун» журналисттеринен айтымында, буга чейин мэр Алмаз Мамбетов шайлаган №5278 шайлоо участогунда да аларды киргизбөө тууралуу сөздөр болгон.

«Клооп» басылмасы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн алгачкы жолу аккредация алган. Ал эми шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн «Коомар Медиа» коомдук фонду БШКдан 18-ноябрда каттоодон өткөн. Шайлоого Кыргызстан боюнча 1400 байкоочубуз көз калып жатат.

«Клооп» — чыныгы көз карандысыз басылма. Биз Кыргызстандагы бир дагы саясий партия же саясий күч менен байланышыбыз жок экенине сыймыктанабыз. Бул бизге бардык саясий процесстерди бейтарап чагылдырууга жана чуулгандуу, өткүр журналисттик иликтөөлөрдү даярдоого жол ачкан.