Шайлоо-2021. Биринчилерден болуп Түштүк Сахалиндеги шайлоочулар добуш берди

Парламенттик шайлоодо биринчилерден болуп Орусиянын Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоочулар добуш берди. Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 28-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан брифинг учурунда билдирди.

«Чет өлкөлөрдө добуш берүү Бишкек сааты боюнча түнкү үчтө башталды. Биринчилерден болуп Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо участкасында добуш берүү башталган. Учурда чет өлкөдөгү 16 участкада добуш берүү жүрүп жатат», — деди ал.

Ал эми өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында добуш берүү башталды.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 004 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?