Шайырбек Ташиев БШКдан жазуу түрүндө экинчи эскертүү алды

Шайырбек Ташиев. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

БШК УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Жалал-Абад шайлоо округунан талапкерлигин койгон Шайырбек Ташиевге жазуу түрүндө эскертүү берди.

Жазуу түрүндө эскертүү алгандардын арасында учурдагы депутат Дастан Жумабеков, Бакытбек Райымкулов, Улан Примов дагы бар.

28-ноябрда БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгү маалында 20 талапкерге жазуу түрүндө эскертүү берилгенин билдирген. Ошондой эле ал 35 талапкерге айып салынганын айтып, айыптын жалпы суммасы 299,5 миң сомду түзгөнүн белгилеген.

Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов / «Регион» телеканалы

22-октябрда Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалы ал Барпы айылындагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй тапшырганын баяндаган сюжет жарыяланган. Анда Муратовдор турак жайга муктаж болгондуктан айыл аксакалдары Ташиевге кайрылганы айтылган. Натыйжада эки айдын ичинде аталган үй-бүлө үчүн турак жай курулган.

Ал эми Барпы айылынын тургундарынын бири Абубакир Кадыров бул үйдү Камчыбек Ташиев «өз жанынан салып бергенин» билдирип, ал «үйгө муктаж болгон адамдарга да салып берүүгө даяр» экенин белгилеген. Ал эми «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов үй УКМКнын төрагасынын эсебинен салынганын бышыктаган.

Бирок Жалал-Абад ОИИБиден сюжетте айтылган маалыматтар тууралуу комментарий бере алышкан эмес.

28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы №14 Жалал-Абад шайлоо округунун талапкери Шайырбек Ташиевге «алдын ала үгүт жүргүзүү» үчүн жазуу түрүндө эскертүү берген.

Тема боюнча:

«Шайлоо алдында үй белек кылуу». БШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди

«Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?