Сузак: Милиция 9 жашар Сумаянын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Сумая Хосилжанова

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБси 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден 28-ноябрда билдиришти.

Сумая 18-ноябрда саат 12:40 чамаларында үйүнөн мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны 63 милиция кызматкери, 250 кишиден турган элдик кошуун жана 150 ыктыярчы тогуз күн издеген.

«Сузак айылынын 8 540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад — Сузак каттамындагы 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн», — деп билдиришти облустук милициядан.

Жалал-Абад ОИИБден аймактагы 29 видео байкоочу камера да текшерилгенин, бирок Сумая бирөөсүнө да түшпөгөнүн белгилешти.

27-ноябрда саат 17:00 чамаларында милицияга Сузактын 54 жаштагы тургуну Арал айылындагы Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын сөөгү жатканын кабарлаган. Кыз суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан жана үстүндө кийимдери жок болгон.

Милиционерлер сырттан кароо жүргүзүп, «оор жаракаттар» байкалбаганын билдиришкен. Бул факты алгач маалыматты каттоо журналында катталган. Ал эми тектшерүү иштеринен кийин Сузак РИИБи кылмыш ишин козгоду.

«Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө кызматы тарабынан ар кандай божомолдордон турган иш-мерчемдер иштелип чыгып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат», — деп берилет билдирүүдө.

Сумаянын атасы Уткирбек Сулайманов 26-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызын табууга көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле кыргызстандыктардан кызды өздөрү жашаган аймактан издеп коюуну өтүнгөн болчу.