Ош шаарында «ОшТВнын» журналистине кол салуу болду. Милиционер четте карап турган

ОшТВдан алынган скрин

28-ноябрда Ош шаарындагы №5555 шайлоо участогунда «ОшТВ» телеканалынын журналисти Абдумалик Базарбаевге кол салуу болду. Базарбаевдин айтымында, окуяга укук коргоо органдарынын кызматкери күбө болгону менен убагында чара көргөн эмес.

«ОшТВнын» оператору окуяны видеого тартып алган. Анда Базарбаев Айбек Осмоновдун байкоочусу делген кишиден комментарий алууга аракет жасап атканда, ал журналистти ашата сөгүп кирген.

Журналист андан эмне үчүн «жаранга №5 болдубу деп кыйкырып жатасыз» деп суроо салып, өзүн тааныштырып өтүүнү суранган. Бирок байкоочу делген киши нааразы болуп журналист менен кайым айтыша кеткен.

«Сенин ишиң эмне? Сен видео камера менен келсең мен өзүмдү тааныштыра беремби?» — деп суроо салган ал.

Ош шайлоо округунан талапкер Айбек Осмоновдун байкоочусу жана белгисиз киши «ОшТВнын» журналисти Абдумалик Базарбаевге кол салышты. Окуя калаадагы №5555 шайлоо участогунда болгон, ал эми телеканалдын оператору кол салууну тартып алганга үлгүргөн.

Кийинчерээк белгисиз адам келип Абдумалик Базарбаевди түртүп кирген. Осмоновдун байкоочусу аны токтотуп калган. Бирок ага карабастан дагы кол салууга аракет жасаган.

Кабарчынын колунда «ОшТВнын» микрофонун кармап, журналист экенин тастыктаган желети да бар болгон. Бирок видеодон окуяга күбө болгон милиционер четте карап турганын көрүүгө болот.

«Кана милиция? Карабайсыздарбы?», — деп журналист нааразы болгон.

Бул учурда байкоочу кол салган адамга «бар кетип кал» деп айтканын угууга болот.

Депутат Айбек Осмонов бюллетенде №5чи болуп жайгашкан. БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, ал добуштардын дээрлик 50%ын алды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ошол эле учурда милиция иликтөөнүн жүрүшүндө берене өзгөрүшү мүмкүн деп билдирген.

«Клооптун» журналисттерине кол салуу

Өткөн жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ош шаарындагы №5316 шайлоо участкасында «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына аталган участокто кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылып, алардын телефонун тартып алууга аракет жасаган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан.

Ал эми экинчи кол салган киши «Манас» аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов экени белгилүү болгон.

Аталган факты Ош ШИИБинде катталып, «Журналисттин ишмердигине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейин өндүрүш башталган. Бирок тергөөчү оператордун ишин 31-октябрда эле кыскартып салган. Ал эми Адилет кызынын ишин башка тергөөчү 31-декабрь күнү өндүрүштөн кыскарткан.

«Клооптун» кызматкерлери тергөөчүнүн ишине канааттанбагандыктан ишти өздөрү иликтеген болчу. Анда Жолдошов шайлоо күнү №5316 участогунда «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын өкүлү болгону тастыкталган.

Иликтөө чыккан соң, 6-январда , журналисттерге кол салуу боюнча иш шаардык сотто каралган. Анда Узаковдун да, Адилет кызынын да иши кайрадан тергелмей болгон. Бирок иш кийинчерээк кайрадан кыскартылган.

Жолдошов болсо журналисттер менен болгон чуунун шартында кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Кененирээк окуңуз: «Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?