«Эмнеге митингге бардың деп сурашты». Кунакунов УКМКдагы сурактын себебин айтты

Ленин шайлоо округу боюнча парламент депутаттыгына талапкер Максат Кунакунов 30-ноябрда Фейсбук барагы аркылуу УКМКга суракка чакырылганын билдирди.

«Укуктарыңды коргоп жатып — “сүйлөшүүгө” чакырылып калышың мүмкүн. Бүгүн УКМКнын шаардык башкармалыгына чакырышты», — деп жазды Кунакунов.

Буга чейин 29-ноябрда Кунакунов Боршайкомдун имаратынын алдындагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митингине барып кошулган.

Аталган митингде бир катар партиялар бийликке БШКнын курамын жана министрлер кабинетин таркатып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Сурактан кийин Кунакунов «Азаттыкка» маек куруп, «жөн гана маектешүү болгонун», парламенттик шайлоодо эмне жакпады деп сурашканын айтып берди.

«Мен болгонун-болгондой айтып бердим. Шайлоодогу финансылык маселелерди, каяктан каражат алганымды, кандай коротконумду сурашты. БШКнын алдына эмне маселе менен чыктыңыз деген да суроо болду. Мен өз укугумду [талапкердик] коргоп чыкканымды айттым», — деди ал.

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Парламенттин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 300 жакын талапкер катышты.

Автоматтык урнадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгара баштагандан кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетип иштебей калган. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан.

БШК бир канча убакытка маалыматтарды өчүрүп, андан соң сайтка жаңы маалыматтарды жүктөдү, бирок анда айырмачылыктар болду.

Эки күн өткөн кийин, БШК кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду. Комиссия добуш берүүнүн жыйынтыктарын сайтка жарыялоодо адис бир санды эки жолу көбөйтүп алгандыктан болгонун билдирди.