Сүлүктү: Шахтанын алдында калган төрт жаран куткарылды

Сүрөт: ӨКМ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде 29-ноябрь күнү тосмолор урап, беш жаран алдында калганы тууралуу кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт жаран куткарылганын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, шахтанын ичиндеги эки тосмо урап түшкөн. Жерине ӨКМдин 13 куткаруучусу тартылган.

Шахтада калгандардын бири куткаруучулар келгенче өз алдынча чыгып кеткен. Ал эми төрт кишини куткаруучулар алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Кырсыктан эч ким жаракат алган жок.

Буга чейин, июнь айында, Сүлүктүдө шахта урап 20 жаштагы киши каза тапкан. Дагы бирөө жабыркап ооруканага түшкөн — анын абалы орто деп бааланган.

Ал эми мурдараак ушул эле шаардагы шахталардын биринде иске ууланып бир киши ооруканага түшкөн. Ал эми өткөн жылы ураган шахтада 37 жаштагы киши каза болгон.