БШК «Жашылдар партиясынын» талапкери Турдумалиевди жоопко тартууга уруксат берди

Борбордук шайлоо коммисиясы (БШК) 1 -декабрда «Кыргызстан Жашылдар» партиясынан талапкер Кайрат Турдумалиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Ал парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууну пландаган делип шектелүүлө.

Кайрат Турдумалиев. Сүрөт: AKIpress

БШКнын жыйынында УКМК өкүлү Турдумалиевди «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартууга «жетиштүү далилдер бар» экенин билдирди.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдында УКМК кызматкерлери «Эл Ынтымагы» кыймылынын, «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын мүчөлөрүн жана учурдагы парламент депутатын кармашкан.

УКМКнын версиясы боюнча, алар өз ара сүйлөшүп, «айрым саясий күчтөрдүн колдоосу менен Бишкекте массалык нааразычылыктарды уюштурууну, укук коргоочулар менен кагылышууну жана бийликти күч менен басып алууну пландаштырышкан».

Мамкомитет аталган иш боюнча 15 киши кармалганын билдирген, бирок иштин фигуранттарынын ысымдарын атаган эмес. Учурда кармалгандардын 10ну белгилүү.

Алардын арасында «Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү бар: Аскат Темиралиев, Нурсултан Большевиков, К. Сатар уулу, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев жана Н.Сатынбековдер.

Мындан сырткары «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын үч талапкери кармалган, алар Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешев.

Аталган иш боюнча парламент депутаты Бакыт Жетигенов да кармалган. Баары тең 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган.