Казанда каза тапкан 19 жаштагы кыргызстандык кыз тууралуу элчилик билдирүү таратты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Татарстандын Казань шаарында каза тапкан кыргызстандык кыздын өлүмү боюнча билдирүү таратты.

Сүрөт: "Казанские ведомости". 

Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Б.к.А ттуу кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган. Маркум апасы менен 2021-жылдын март айында Казандан Москвага көчүп келген.

«Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары иликтеп жатат. Учурда өлүмдүн жагдайы иликтенүүдө. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышта», — деп билдирди элчилик.

Элчилик каза болгон кыздын апасы менен байланышта экенин жана кыздын сөөгү 5-декабрда Москва аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

«Этикалык нормаларды жана жеке адамдардын укуктарын сактоо максатында айрым фактылар ачыкка чыкпастыгын билдиребиз», — дейт кыргыз элчилиги.

Көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кыргызстандык кыз тууралуу «Казанские ведомости» басылмасы жазып чыккан. Андагы маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрда катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыз өзү жашап жаткан батирден кулаган.

Тема боюнча: Орусияда эмгек мигранттардын саны 22,5%га азайды

«Кулдай иштейт, жек көрүнөт». Орусиялык укук коргоочу мигранттар жөнүндө эмне дейт?