«Отурум тымызын өтүптүр». Алтын Капалова «матчество» иши боюнча шаардык соттон жеңилип калды

Бишкек шаардык соту активист Алтын Капалова балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндөгү «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырганын мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу үч баланын энеси Фейсбук барагында билдирди.

Алтын Капалова балдары менен. Сүрөт Капалованын Фейсбук барагынан алынды

Капалова отурумга катыша албай турганы боюнча эскертүү бергенине карабастан, сот отуруму анын жана адвокатынын катышуусу жок өткөнүн белгиледи.

«Мен “Дубал: аялдар жана адилеттүүлүк” көргөзмөсүн уюштуруп жүргөндө, укук коргоо органдарынын жана Кыргызстандын сотторунун кыянаттыгы менен сот отуруму мен жана жактоочум жок өтүптүр», — деп түшүндүрдү Капалова.

Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы да тастыктап, отурум 16-ноябрда өткөнүн билдиришти. Ишти караган судья Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Капалованын доо арызын четке какты.

Активист өзү Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

«Кантип мындай болушу мүмкүн? Биз сотко шаарда болбойбуз деп кабар бергенбиз, бирок отурум тымызын өтүптүр […] Силерге эмне болгон? Менин балдарым бар. Алардын атасы жок. Мен бармын. Менин атым бар, жана менин конституциялык укуктарым силердин патриархалдык мыйзамдарыңардан жогору турат. Гендердик теңчилик тарапка кадам кылып койгулачы», — деп билдирди активист.

Капалованын иши

25-августта Бишкектин Октябрь райондук соту жазуучу Алтын Капалованын балдарынын күбөлүгүндөгү атасынын атын энесиникине өзгөрткөн чечимди жокко чыгарган. Сот балдарына атасынын атын калтырууну чечкен.

Алтын Капалова балдарын биологиялык атасынын жардамы жок, өз алдынча тарбиялайт. Ага алимент төлөшкөн эмес жана балдарды тарбиялоого жардам беришкен эмес.

Ал үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келет.

МККнын департаменти болсо Капалова мындай жол менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузганын билдирген. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча атасынын аты деген графага атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын аты жазылууга тийиш.

Тема боюнча:

Мамкаттоо менен Капалованын тиреши: Иш Октябрь райсотуна өттү