«Кумтөр иши»: Пирматов жана Узакбаев эки айга камалды

Экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев «Кумтөр иши» боюнча 31-июлга чейин камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Исхак Пирматов 28-майда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган болчу. Ал эми Талантбек Узакбаев бешинчи чакырылыштын депутаты болгон.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

УКМК 31-майда «Кумтөр иши» боюнча алгач экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду кармап, акыркы экөө эки айга камакка алынган. Андан соң ушул эле күнү Пирматов жана Узакбаев кармалган.

Андан соң экс-спикер Дастан Жумабеков, экс-депутат Максатбек Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков иштин алкагында суралган.

Ошондой эле бул иш боюнча Темир Сариев да сурак берген. Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.