Чолпон-Атада майнинг-ферма уюштурган мамлекеттик кызматкер иштен алынды

Майнинг-ферма уюштурууга шектелип кармалган Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысынын милдетин аткаруучусу кызматтан алынды. Бул тууралуу «Чыгыш электр» ишканасынын басма сөз кызматы 10-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим УКМКнын аталган кызматкер криптовалюта өндүрүү үчүн өз үйүндө майнинг-ферма уюштурурганын аныктагандан кийин кабыл алынган.

«Чыгыш электр» ишканасынан шектүү мамлекетке 1 миллион 17 миң сом зыян келтиргенин жана анын ордун толтуруу үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн белгилешти.

«“Чыгыш электр” мыйзам бузууларды болтурбоо максатында ишкананын кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табылган майнинг-ферма. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

8-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын жооптуу кызматкерин ири көлөмдө электр энергиясын уурдоого шектеп кармаган. Анда 45 жаштагы кызматкер криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма* уюштурганы белгилүү болгон.

*Майнинг — криптовалюта платформаларынын ишин камсыздоо үчүн жаңы түзүмдөрдү ачуу боюнча ишмердик. Кезектеги түзүмдүк бирдикти ачуу үчүн сыйакы каралган.

УКМК шектүү көп жылдар бою Чолпон-Ата райондук электр тармактарында иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тартып аталган уюмда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда УКМК Нарын облусунун тургуну үйүндө 118 майнинг-ферма орнотконун аныктаган. Ал «ишмердигинин бетин ачпоо үчүн» үн кирбегидей кылып жабдуулап, керектүү вентиляцияны киргизип алганы белгилүү болгон.

Атайын кызмат криптовалюта өндүрүүнү «Кыргызстандын электр тармактарына олутту зыян» келтирген ишмердик катары токтоткон.

Тема боюнча:

УКМК Нарында майнинг-ферманын ишин токтотту

Накталай төлөмдөр чектелип, криптовалюта жолго коюлат. Жапаровдун жарлыгы