Текебаевге кол салуу. Кайрат Чокеев Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан чыгарылды

Кайрат Чокеев

Токмок шаардык кеңештин депутаты Кайрат Чокеев Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин (АИК) курамынан чыгарылды. АИКтин башкы катчысы Нурипа Муканова «Азаттыкка» курган маегинде аталган кеңешке «таза кишилер кириши керектигин» белгиледи.

«Чокеевди Токмок шаардык кеңеши жана дагы эки жак сунуштап, 21-октябрда Чүй району боюнча коомдук башталгычтагы мүчө болгон экен. Аны мүчөлүктөн чыгаруу боюнча тапшырма бердим. Азыр кызматтык териштирүү жүрүп жатат», — деди Муканова.

Буга чейин социалдык тармактарда Кайрат Чокеев Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына киргени тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок соцтармактын колдонуучулары буга нааразы болушкан. Себеби Чокеев «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында жүргөн. Кийин Текебаевге келип андан кечирим сураган.

Текебаевге кол салуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

«ПолитКлиника» басылмасы 2-декабрда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктаган. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Көп өтпөй Текебаевге кол салгандардын арасында жүргөндөр саясатчыдан кечирим сурашып, «чагымчылдык болуп кеткенин» билдиришкен. Текебаевден кечирим сурагандардын арасында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Бактияр Доконов жан Кайрат Чокеев да болгон.

Доконов жана Чокеев 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чагымчылык болуп кетти». Текебаевге кол салгандардын арасында жүргөндөр кечирим сурашты

Текебаевден кечирим сурап баргандар президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштеген