Текебаевден кечирим сурап баргандар президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштеген

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында жүрүп, саясатчыдан кечирим сурагандардын экөө үстүбүздөгү жылдын башында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдары болушканы белгилүү болду.

Алгач бул маалыматты «Ата Мекендин» талапкери Эрлан Бекчоро уулу Фейсбугунда жарыялады.

Анда Бекчоро уулу партиянын лидеринен кечирим сурап келген Кайрат Чокеев жана Бактияр Доконовдун Жапаровдун Чүй облусу боюнча штаб башчысы делген Мелис Аспековдон үгүт иштерине акча алганы тууралуу тил каттарын тиркеди.

Аспеков өзү «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара талап кылуу жана Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алууга шектелип кармалган.

Тил каттарда Доконов 60 миң доллар, ал эми Чокеев 50 миң доллар алганы айтылат. Мындан сырткары, Доконов жана Чокеев президенттик шайлоодо Жапаровдун ишенимдүү адамдарды болушканын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматтар да тастыктайт.

Садыр Жапаров президент болгондон кийин Доконов менен Чокеев Токмок шаардык кеңешке депутат болуп шайланып келишкен. Ал эми 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин алар митингдерге каршы экенин билдирип келишкен.

Жээнбековдордун 10 млн доллары

Үстүбүздөгү жылдын май айында УКМКнын тергөө абагында кармалган активист Мелис Аспеков кат жарыялап, Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдон «10 млн доллар алганын» билдирген. Анын айтымында, бул каражаттар шайлоо кампаниясына сарпталмак. Аспеков ошондой эле Жапаров ага аталган каражаттын 1 млн долларын бергенин айтып чыккан.

«“Мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримден аз добуш алсам уят” болот деп айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады. Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм», — деген Аспеков.

*Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына ылайык, Жапаров президенттик шайлоого 67 млн сом сарптаган.

Көп өтпөй Аспеков бул маалыматты өчүрүп, анын Фейсбук барагын «ким колдонуп жатканын билбегенин» айткан. Жапаровдун ошол кездеги басма сөз катчысы Галина Байтерек активисттин билдирүүлөрүн төгүндөгөн. Ал эми Жээнбековдор «ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн» Аспековду сотко берип, андан 1 млн сом талап кылышкан.

Текебаевге кол салуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы 2-декабрда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктаган. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды