Кара-Суу: Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатууга шектелип дагы бир адам кармалды

Атайын кызмат Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында айыл чарба багытында жерлерди жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу иши боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында дагы бир шектүүнү кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 14-декабрда кабарлады.

Ведомство кылмышка шектелип 10-декабрда Г.И. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин белгиледи.

Ошондой эле кылмышка тиешеси бар делген иштин дагы бир фигурантынын жашаган жери жана иш орду тинтүүгө алынганын кошумчалады.

«Тинтүү учурунда жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн миңден ашык жаңы бланктары, паспорттордун көчүрмөлөрү, тил каттар, мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Нариман айылындагы мыйзамсыз жер сатуу

УКМК 1-октябрда айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу ишинин алкагында Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосиловду, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратовду жана алардын шеригин кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар «жеке кызыкчылыктарын көздөп, узак мөөнөттө Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз саткан».

Бир аптадан кийин атайын кызмат «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы башкармалыгынын дагы бир мурдагы жетекчисин кармаган. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Т-Медиа» басылмасы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары үлүш жерлеринен кол жууп калганы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда тургундардын үлүшү башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылып кеткени аныкталган.

Тема боюнча: Кара-Суу: Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды