Талас: «Чыңгыз-Ордо» комплексин куруудагы мыйзам бузууга шектелип эки адам кармалды

«Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий комплексиндеги жазуучунун эстелиги.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 13-декабрда Талас облусунун Шекер айылындагы «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий комплексин курууда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, комплексти курууда аткарылган иштин көлөмүн ашыкча баалаган.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

10-декабрда кылмышка шектелип Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгын мурдагы жетекчиси жана «Бийиктик Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, 2018-жылы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу үчүн Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Анда «Бийиктик Инвест» аталышындагы жоопкерчилиги чектелген коому утушка ээ болуп, 62 миллион 73 миң сомго келишим түзүлгөн. Бирок, келишимде аяктоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Тендер жарыяланган күндөн тартып төрт жыл аралыгында жалданма компания болгону 34 миллион сом жумшаган. Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгы аткарылган ишти кабыл алууда эч кандай сын-пикир айткан эмес.

«Тарыхый-маданий комплексти куруудагы аткарылган иштердин көлөмү 6 миллион 179 миң 952 сомго ашыкча бааланганы аныкталды», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК «Чыңгыз ордо» комплексин куруудагы жалданма компаниянын сапатсыз аткарган жумушун буйрутмачы кабыл алганы документтештирилгенин белгиледи. Ошондой эле, бул кайрадан ашыкча иш аткарууну жана кошумча чыгымдарды талап кыларын кошумчалады

Ал эми кармалган шектүүлөр Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 25-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясындагы коррупцияны аныктап, эсептөө палатасынын аудитору менен инспекторун коррупцияга шектелип кармаган.

Атайын кызмат алар авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, мамлекетке 3 миллиондон ашык АКШ доллар зыян келтирилгенин «атайылап жашырганын» маалымдаган.

Тема боюнча:

«Эйр Кыргызстандагы» коррупция. УКМК Эсептөө палатасынын эки кызматкерин кармады